2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд сом, экологияга 3,6 млрд сом каралган
12 октябрь

2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд сом, экологияга 3,6 млрд сом каралган

Кыргызстандын 2027-жылга карата республикалык бюджетинде айыл чарба тармагын тейлеген мекемеге 22 млрд сом бөлүү каралган. Ал эми экология тармагына 3,6 млрд сом багыттоо пландалууда.

Бул тууралуу финансы министри Руслан Суйналиев Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Талкуу учурунда депутаттар ирригацияны каржылоо, калкты таза суу менен камсыздоо, жерлердин максаттуу багытын өзгөртүү, ветеринария тармагын өнүктүрүү жана балык чарбасын колдоо маселелерин көтөрүштү.

Ошондой эле жол инфраструктурасына жана аймактардагы курулушу бүтө элек объектилерди аяктоого байланышкан маселелер өзүнчө талкууланды.