Баткендин аймагында 4 миңден ашык суур бар экени аныкталды
Жаратылыш ресурстары министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан суурлардын санын аныктоо боюнча кезектеги санак иштери ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Бул иш-чара аймактагы жапайы жаныбарлардын санын, алардын таралышын жана популяциясынын жалпы абалын баалоо максатында өткөрүлөт. Топтолгон маалыматтар жаныбарлар дүйнөсүнүн абалына туруктуу мониторинг жүргүзүүгө жана аймактын биотүрдүүлүгүн сактоо боюнча иш-чараларды натыйжалуу пландаштырууга шарт түзөт.
Санактын жыйынтыгы боюнча, Баткен облусунун 188 512,2 гектар жер аянтында жалпы 759 даана суур эсепке алынды. Муну менен катар, «Сурма-Таш» мамлекеттик жаратылыш коругунун 66 194,4 гектар аймагында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн алкагында 3 387 даана суур катталды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөнүн фаунасын коргоо, алардын табигый чөйрөсүн сактоо жана жапайы жаныбарлардын санын көзөмөлдөө багытындагы иштерди ырааттуу түрдө улантат.
