Аламүдүн районунда мыйзамсыз аңчылык кылган жаран кармалып, 12,5 миң сом айып салынды
19 январь

Аламүдүн районунда мыйзамсыз аңчылык кылган жаран кармалып, 12,5 миң сом айып салынды

Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылынын Бек-Тоо аймагында мыйзамсыз аңчылык кылуу фактысы катталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти. 

Түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз аңчылык менен алектенип жүргөн жаран кармалды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган жаранга КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесине ылайык 12 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жапайы жаныбарлар дүйнөсүн коргоо максатында рейддик иш-чараларды мындан ары да улантат жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы көзөмөлдү күчөтөт.