Ноокаттагы Кыргыз-Ата дарыясынын нугу тазаланды
25 сентябрь

Ноокаттагы Кыргыз-Ата дарыясынын нугу тазаланды

Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Борко айылынан өткөн Кыргыз-Ата дарыясынын нугун тазалоо иштери аяктады. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Маалыматка караганда, тазалоо иштерине бир эксковатор бөлүнгоң, ал эми облус башчысынын демилгеси менен атайын күйүүчү май камсыздалды.

Натыйжада дарыянын 1500 метр аралыгындагы тазалоо толугу менен бүткөрүлдү.