«Жашыл мурас». Бишкек – Ош унаа жолунун жээгине 300 даана көчөт тигилди
24 март

«Жашыл мурас». Бишкек – Ош унаа жолунун жээгине 300 даана көчөт тигилди

Узап кеткен аптада № 9 Жол тейлөө ишканасы (ЖТИ) тарабынан Бишкек – Ош унаа жолунун 75-чакырымына 300 даана көчөт тигилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, ошондой эле Дорожный-Чолок-Боом жолунун 0-1-чакырымдар аралыгына жалпы 400 көчөт отургузулду. 

Ушундай эле иштер № 6 ЖТИ тарабынан Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунда (54-чакырымы) жүрүп, 150 даана кайың, 150 даана терек көчөтү тигилди.

Көчөттөр «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында тигилүүдө.

Министрликтен кошумчалашкандай, жол жээгин жашылдандыруу иштери Военно-Антоновка-Үчхоз, Полтавка-Беш-Терек, Ош-Баткен-Раззаков жолдорунда да жүрдү.