Бишкекте массалык түрдө көчөт отургузуу иштери башталды
Бүгүн, 18-октябрда мэр Айбек Жунушалиев жана анын орун басарлары Экологиялык кеңештин 2025-жылдагы чечимдеринен кийин Бишкек шаарында көчөт отургузуу боюнча масштабдуу акцияны баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Акциянын алкагында Бишкек шаарында 10 миң бак-дарак отургузулуп, өзгөчө мектеп айланасына көңүл бурулат. Көчөттөрдүн бийиктиги 2 метрден 5 метрге чейин болот.
Шаар мэри Айбек Жунушалиев шаар тургундарын жашылдандырууга кам көрүүгө чакырды:
"Мэрия борбор калааны жашылдандыруу жана меймандос болушун камсыз кылуу милдетин алды. Шаар тургундарын жаш бак-дарактарга кам көрүп, аларды сактап калууга көмөктөшүүнү суранабыз".
Көз салууга ыңгайлуу болушу үчүн ар бир райондогу бак-дарактарга аймактын административдик тиешелүүлүгүн билдирген түрдүү түстөгү ленталар байланган.
