Бишкектеги Ботаникалык бактын аймагына 300дөн ашык көчөт отургузулду
18 октябрь

Бишкектеги Ботаникалык бактын аймагына 300дөн ашык көчөт отургузулду

Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакта 18-октябрда Агартуу министрлиги жана Республикалык экология, жер таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору тарабынан “Жашыл мурас” экологиялык акция өткөрүлдү.

Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, жаратылышты сактоодо ар бир жарандын жоопкерчилиги маанилүү экенин белгиледи:

«“Жашыл мурас” демилгесинин алкагында өлкөбүздүн мектептеринде питомник аянтчалары даярдалган. Биз тоолуу жерде жашагандыктан, ар бир бала өсүмдүктөрдүн пайдалуу жактарын гана окуп койбостон, аларды отургузууну жана кам көрүүнү үйрөнүшү зарыл. “Мурас” дегенде биз кийинки муунга жашыл Кыргызстанды өткөрүп беришибиз керек», — деди министр өз сөзүндө.

Акциянын алкагында Ботаникалык бактын аймагына 300дөн ашык көчөт отургузулуп, мугалимдерге компостерлер тапшырылды.

Экологиялык демилгеге Агартуу министрлигинин өкүлдөрү, Республикалык борбордун жамааты, ийрим жетекчилери жана окуучулар катышып, жалпы 100гө жакын адам табиятты коргоо ишине өз салымын кошту.

Бул экологиялык акциянын негизги максаты — айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, экологиялык маданиятты жогорулатуу жана жаш муундардын жаратылышка болгон жоопкерчилигин арттыруу болуп саналат.