Экологиялык эрежелерди бузгандарга айыппул жогорулатылды: кайсыга канчадан? 
17 февраль

Экологиялык эрежелерди бузгандарга айыппул жогорулатылды: кайсыга канчадан? 

Кыргызстанда 1-марттар тартып экологиялык укук бузууларга барган тараптарга жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам күчүнө кирет. Ал мыйзамга ылайык, бул жааттагы айыппулдар бир топ жогорулады. Алар кимдерге багытталган жана айыппулдардын суммасы канчалык деңгээлде көбөйтүлдү – бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экологиялык-техникалык кызматынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Букаров Биринчи радионун эфиринде айтып берди. 

Айтымында, жаздын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирчү мыйзамда экологиялык экспертизадан өтүүдөн баш тарткандарга, уулуу калдыктарды ташуу эрежелерин бузгандарга, суу пайдалануу эрежелерин бузгандарга ж.б. айыппулдун өлчөмү көбөйтүлдү.  

Мисалы, экологиялык экспертизадан өтүүдөн баш тартуу же талаптарды аткарбоо катталса, жеке жактарга 150 миң сом, юридикалык жактарга 300 миң сом айыппул салынат. 

Ошондой эле, учурда Бишкек мэриясы тарабынан сунуш киргизилип жатат: Укук бузуулар Кодексиндеги 115-берене – белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо жана өрттөө боюнча айыппулду бир баскычка жогорулатуу боюнча. 

Буга чейин мындай эреже бузууга барган тараптарга жеке жактарга – 5,5 миң сом, юридикалык жактарга – 17 миң сом айыппул салынып келген. Ал эми өндүрүштүк өнөр-жай калдыктарын таштагандар жана тыюу салынган заттарды өрттөгөн жеке жактар – 7,5 миң сом, юридикалык жактар – 23 миң сом айыппул төлөшчү. Азыр эми аны бир баскычка көтөрүү, башкача айтканда, мисалы, 23 миң сом айыппулду 28 миң сомго жеткирүү сунушталууда. Башка айыппулдар да ушул өлчөмдө көтөрүлөт.