Жумгал районунда мыйзамсыз балык уулоого каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
24 июнь

Жумгал районунда мыйзамсыз балык уулоого каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Жумгал РИИБ кызматкерлери тарабынан район аймагында мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу багытында иш-чаралар күчөтүлдү.

2025-жылдын 24-июнунда Жумгал районунун тургундарына жана Соң-Көл көлүнүн айланасында жашаган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жумгал РИИБ кызматкерлери жергиликтүү калкка мыйзамсыз балык уулоонун кесепеттери, ага карата колдонулуучу жоопкерчилик тууралуу кеңири маалымат беришти.

Ошондой эле, элге балык уулоонун эрежелери, чектөөлөрү жана уруксат алуу тартиби боюнча түшүндүрмөлөр берилип, жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга чакырык жасалды.

Бул багытта түшүндүрүү иштери мындан ары да улантылып, мыйзам бузуу фактыларына бөгөт коюу максатында Жумгал РИИБ тарабынан атайын рейддик иш-чаралар жүргүзүлөт.