Раззаков шаары: Тазалыкты сактоодо экологиялык жана ыкчамдуулук боюнча иш алып барылууда
29 июль

Раззаков шаары: Тазалыкты сактоодо экологиялык жана ыкчамдуулук боюнча иш алып барылууда

Раззаков шаарынын мэри Жоробаев Адилбек Суюнбаевич тапшырмасына ылайык Раззаков шаарын көрктөндүрүү жана тазалыгын сактоого ыкчам жана экологиялык жактан таза тейлөө максатында атайын электр энергиясы менен жүрүүчү эки желмайан техникасы алынып келди.

  • Бирөөсү жаңы орнотулган кичи таштанды үкөктөрүн тазалоо жана жол боюндагы таштандыларды ыкчам алуу үчүн колдонулат.
  • Экинчи желмайан болсо шаарды көрктөндүрүү иштеринде пайдаланылып, ага 500 литр көлөмүндөгү атайын суу ташуучу жабдык орнотулуп, бак дарактарды жана гүлдөрдү суугарууда ыкчам колдонулат.

Тапшыруу аземине шаар мэри Жоробаев Адилбек Суюнбаевич катышып, жаңы техникалардын ачкычтарын расмий түрдө тапшырып, тазалык кызматкерлерине шаардын тазалыгын сактоодо ийгиликтүү иш каалады.

Бул техникалар тазалык кызматкерлерине ыкчам жана таза экологиялык тейлөөнү камсыз кылууга багытталган.