Ош шаарында жана айланасында мыйзамсыз таштандыларды өрттөө фактылары аныкталып, айып пулдар салынды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан рейдик иш-чаралар жүргүзүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
Ош борбордук базарындагы “Бостон” базарынын жумушчусу тарабынан бузуудан чыккан калдыктар өз билемдик менен жолго чыгарылып, өрттөлгөнү такталды. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 230-беренесинин негизинде 10 000 (он миң) сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, Толойкон айылында жайгашкан Ат майданда топтолгон таштандыларды өрттөгөн жумушчу А. уулу О.го карата «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесинин негизинде 7 500 (жети миң беш жүз) сом айып пул салынды.
Ошондой эле, атмосфералык абаны коргоо жана анын сапатын жакшыртуу максатында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдө дагы мыйзам бузуулар катталды. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы академиясынын, Ош шаарындагы Алиев көчөсүнүн жана У. Салиева атындагы лицей-интернаттын айланасында жалбырактарды жана таштандыларды өрттөө фактылары аныкталып, «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесинин 3-пунктунун негизинде 3 протокол түзүлүп, жалпы 38 000 (отуз сегиз миң) сом айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана мекеме-ишканаларды мыйзамдарды сактоого, таштандыларды өрттөө аракеттерине жол бербөөгө жана айлана-чөйрөнү таза сактоого чакырат. Өрттөө – атмосфераны булгантып гана тим болбостон, адамдардын ден соолугуна олуттуу зыян келтирерин дагы эскертебиз.
