Аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган жарандарга айып салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
6 октябрь

Аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган жарандарга айып салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2025-жылдын 4-октябрында Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, министрликтин Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн егери жана NABU уюмунун «Барс-2» тобунун кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу районунун Шут участогунда рейд өткөрүштү.

Рейд учурунда аңчылык эрежелерин жана талаптарын бузган эки жаран аныкталып, аларга Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 263-беренесинин негизинде ар бирине 12 500 сомдон, жалпысы 25 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, жарандар менен аң-уулоо эрежелерин так сактоо жана жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле Папан суу сактагычында ышкыбоздук балык уулоо эрежелерин бузган үч жаран аныкталып, аларга Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 266-беренесинин 1-пунктуна ылайык 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып салынды. Бул учурда да көл жээгин таза кармоо, таштандыларды таштабоо жана экологиялык маданиятты жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга, аңчылык жана балык уулоо тартибин так сактоого чакырат. Мыйзам бузган жарандарга мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн эскертет.