Жалал-Абад облусунда үч айлык ишембилик өтөт
Жалал-Абад облусунда үч айлык ишембилик өтөт. Бул боюнча облус башчысынын тиешелүү тескемеси чыккан.
Облустук өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, үч айлык 2025-жылдын 1-мартынан 1-июнуна чейин уланып, бардык район, шаарларда айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатын көздөйт.
Ишембиликтерде көчө, аллея, сейил бактарга дарак көчөттөрүн, гүл түрлөрүн эгүү, бак-дарактарды бутоо, актап-сырдоо, санитардык абалын жакшыртуу, арык-каналдарды тазалоо жана жээк бекемдөө иштери аткарылат.
Мындан сырткары, ири автожол бойлорун абаттоо, көчөлөргө түнкү жарыктандыруу орнотуу, мекеме жана турак жайлардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жумуштары күчөтүлөт.
