Жерде жайдын алтынчы магниттик бороону башталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
3 август

Жерде жайдын алтынчы магниттик бороону башталды

Жерде август айындагы биринчи магниттик бороон катталды. Бул жайкы сезондун башынан берки алтынчы магниттик бороон болду. Бул тууралуу Россия илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясы билдирди.

Күн плазмасынын чыгышы магниттик бороон башталганга чейин бир нече саат мурун Жерге жеткен. Геомагниттик өзгөрүүлөр акырындап күчөп, 2-август күнү кечинде бороон деңгээлине жеткен.

Адистердин баамында, окуя башталуу убактысы жана күчү боюнча алдын ала берилген божомолго ылайык өнүккөн.

Бороондун күчү G1 жана G2 деңгээлдеринин ортосунда болгон. G1 деңгээли алсыз, ал эми G2 орточо деңгээлдеги магниттик бороон катары эсептелет.

3-августтун таңына карата геомагниттик абал турукташкан. Күн астрономиясы лабораториясынын маалыматы боюнча, саат 06:00гө карата Kp индекси 4- деңгээлине түшүп, Жердин магнитосферасы тынч абалда болгон. Ошол эле учурда жакынкы сутка ичинде дагы геомагниттик өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.