Жогорку Кеңештин комитети Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат алды
Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «2023-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбоорун) ратификациялоо тууралуу» мыйзамынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат угулуп, эске алынды.
Жыйында баяндама жасаган Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова белгилегендей, Кыргыз Республикасында абаны жакшыртуу долбоорунун максаты абанын сапатын башкаруу жаатында өлкөнүн потенциалын чыңдоо, ошондой эле турак үйлөрдү таза жылытуу боюнча чечимдерди жана Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча чараларды илгерилетүү болуп саналат.
Анын айтымында, долбоордун жалпы суммасы 50 млн АКШ долларын түзөт. Макулдашууда жылдык 0% жеңилдетилген ставка менен 50 жылдык мөөнөткө жогорку жеңилдетилген кредитти, анын ичинде 10 жылдык жеңилдетилген мезгилди берүү каралган. Баяндамачы долбоордун алкагында «Абанын сапатын башкаруу тутумун чыңдоо», «Шаарлардагы жашылдандырууну жакшыртуу», «Долбоорду ишке ашырууну колдоо» компоненттердин аткарылышына кеңири токтолду.
Талкуу маалында депутат Кундузбек Сулайманов автоунаалардагы катализаторлордун жоктугуна көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын айтып, муну менен катар Бишкек шаарын жашылдандыруу иштерине канча каражат бөлүнгөнүнө кызыкты. Буга Асел Раимкулова аталган максатка 7 млн АКШ доллары каралганын билдирди.
Ошондой эле комитет мүчөлөрү абанын булганышынын жогорку жана экстремалдык жогорку деңгээлде болгон учурлары үчүн иш-чаралардын пландарын иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеп, бул багытта чараларды күчөтүүнү табышташты.
Андан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат угулуп, эске алынды.
