Бишкекте “Экология балдардын көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды
24 сентябрь

Бишкекте “Экология балдардын көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бишкекте К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында 24-сентябрда “Экология балдардын көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чаранын максаты — балдардын айлана-чөйрөгө болгон таза, чын ыкластуу мамилесин, табиятты жүрөгү менен сезген көз карашын сүрөттөр жана чиймелер, аркылуу көрсөтүү болду.

Эске салсак, аталган конкурс 2025-жылдын 15-мартынан 15-апрелине чейин мектеп окуучулары арасында өткөн. Жыйынтыгында өлкөнүн бардык региондорунан 1700гө жакын сүрөт келип түшүп, алардын ичинен 49 жеңүүчү аныкталган.

Көргөзмө эки күнгө созулат.

Иш-чара Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан уюштурулган.