Балыкчыда «Жашыл Мурас» кампаниясы: 3 040 көчөт отургузулду
15 декабрь

Балыкчыда «Жашыл Мурас» кампаниясы: 3 040 көчөт отургузулду

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен башталган масштабдуу «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында, Балыкчы шаарында маанилүү экологиялык иш-чара ишке ашты.

2025-жылдын декабрь айында Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун боюндагы 7 гектар жерге жалпысынан 3040 даана көчөт отургузулду. Отургузулган көчөттөрдүн түрлөрү: мажүрүм-тал жана терек.

Бул иштер шаардын экологиялык коопсуздугун чыңдоо, жер эрозиясын азайтуу жана жашыл инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.

Жашылдандыруу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иштер ар дайым уланып келет жана мындан ары да активдүү жүргүзүлөт.