Экологиялык көзөмөл чаралары: Кара-Кулжа районунда текшерүү жүргүзүлдү
2025-жылдын 29-30-август күндөрү Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан Кара-Кулжа районунун Алайку токой чарбасында пландуу текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
Натыйжада:
• Мыйзамсыз отун алган жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 258-беренеси боюнча 1 протокол түзүлүп, айлана-чөйрөгө келтирилген зыянга карата 2543,16 сом өлчөмүндө доо коюлду.
• Мындан тышкары, мыйзамсыз балык уулоо эрежесин бузган 1 жаранга 266-берене боюнча 1 протокол түзүлдү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматтары өз ишмердүүлүгүн жаратылышты коргоо жана мыйзамдуулукту камсыздоо максатында улантууда.
