Эмгек коопсуздугун сактабаганы үчүн комбинатка 70 миң сом айып салынды
1 сентябрь

Эмгек коопсуздугун сактабаганы үчүн комбинатка 70 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Баткен регионалдык башкармалыгы тарабынан өндүрүштөгү бөөдө кырсык боюнча атайын иликтөө жүргүзүлдү.

2025-жылдын 2-июнь күнү Баткен облусунун Кадамжай шаарында жайгашкан «Кадамжай сурьма комбинаты» ААКнын краска цехинде келишимдин негизинде иштеп келген «Ала-Тоо Майнинг» ЖЧКнын печник жумушчусу Х.Г.Т кокусунан жаракат алып, өндүрүштөгү кырсыкка кабылган.

Аталган окуя боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын буйругунун негизинде атайын иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында тиешелүү акт түзүлдү.

Иликтөөнүн негизинде жооптуу кызматкерлердин эмгек коопсуздугу боюнча талаптарды бузганы аныкталып, Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 274-беренесине ылайык, ар бирине 35 000 сомдон эки протокол түзүлдү.

Жыйынтыгында ишканага жалпы 70 000 сом айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мекеме-ишканаларга өндүрүштүк жана эмгек коопсуздугунун талаптарын так сактоону, жумушчулардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууну эскертет.