Найман суу сактагычындагы рейдде балык уулоо жана экологиялык мыйзам бузуулар аныкталды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 29–30-август күндөрү Ноокат районундагы Найман суу сактагычында балык корлорун жана жапайы жаратылышты сактоо максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейдге Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, министрликтин биотүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкери жана Набу уюмунун «Барс-2» тобунун кызматкерлери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө:
• Найман суу сактагычында тиешелүү уруксат кагаздары жок, ышкыбоздук балык уулоо эрежелерин бузган 11 жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын **«Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 266-беренесинин 1-пунктунун негизинде ар бирине 1 000 сомдон жалпы 11 000 сом айып пул салынды. Балыкчыларга мыйзам бузууну алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
• Кулатов айыл өкмөтүнүн Баглан айылында жергиликтүү жаран уруксатсыз 10 даана жапайы кекиликти сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Инспекторлор тарабынан акт түзүлүп, канаттуулар жаратылышка кайра коё берилди.
Аталган жаранга Кыргыз Республикасынын кодексинин 261-беренесинин 1-пунктунун негизинде 10 000 сом айып пул салынды.
• Ошондой эле Найман суу сактагычына бараткан жолдун боюнда белгиленбеген жерге курулуш калдыктарын төгүп жаткан жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын кодексинин 115-беренесинин 2-пунктунун негизинде 7 500 сом айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана мекемелерди жаратылышты пайдаланууда экологиялык жана санитардык талаптарды так сактоого чакырат.
