Талас районунда мыйзамсыз балык уулоо фактылары аныкталды
28 июль

Талас районунда мыйзамсыз балык уулоо фактылары аныкталды

2025-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас регионалдык башкармалыгы тарабынан рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында Талас районунун Корокол айыл өкмөтүнүн аймагында эки мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 2 протокол түзүлүп, жалпы 2 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, мыйзамсыз кармалган 1 даана балык үчүн 505 сом өлчөмүндө доо коюлду.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жаратылыш ресурстарын мыйзам чегинде пайдаланууга жана балык уулоо эрежелерин так сактоого чакырат. Мыйзамсыз аракеттерге каршы көзөмөл чаралары мындан ары да улантылат.м