Абдибаева министрдин орун басарына: Эмнеге мынча калп сүйлөйсүз? Аткаминерлердин деңгээли ушуга жеттиби?
Дагы бир депутат аткаминерлерди калп убада берүүгө айыптады. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев Чүй, Ысык-Көл жана Ош облусундагы айрым айылдарга ичүүчү суу чыгарыла турганын билдирди.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында өлкөнүн айрым аймактарынын тургундарын таза суу менен камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору каралууда.
Депутат Айсара Абдибаева буга чейин Аксы районун дагы таза суу менен камсыз кылынуучу аймактардын тизмесине кошууну суранганын, аталган министрликтин өкүлдөрүнөн “макул” деген жооп алганын, эми болсо мыйзам долборуна ал кошулбаганын билдирди.
«Жаныбек Калканович, эмнеге мынча жалган сүйлөйсүз? Өгүнү киргизебиз деп айткансыз, көрсө долбоор түзүлүп калган турбайбы. Мен жаш бала эмесмин, бала бакчага барбайм. Ачыгын айтсаңыз түшүнмөкмүн да. Мен силерге жеке короомо суу киргизип бергиле деп жаткан жокмун. Бул элдин талабы. Эмнеге мынчалыкка барасыңар, Аксы же эмне башка мамлекеттин районубу? Документтерди даярдап, мэр менен сүйлөшүп жатсам, Азамат деген балага ишенип отурсам, экөөңөр кошулуп алып мени алдап... Биздин аткаминерлер ушундай деңгээлге жеттиңерби?» – деди депутат.
Жаныбек Керималиев бул боюнча депутатка эки барак маалымат менен түшүндүрү жиберишкенин билдирди эле, ага депутат көнбөдү.
«Барагыңарды ала берип... 2 эмес, 4 барак алганда деле, эмнеге киргизбей койдуңар, себебин ачык айткыла», – деди ал.
Суу ресурстары министринин орун басары бул долбоордо үч облус – Чүй, Ысык-Көл жана Ош каралганын, экинчи транш менен Аксы району киргизилерин түшүндүрдү. Аталган райондогу таза суу маселесин чечүү максатында мурда 6,5 миллион евро бөлүнгөн маалда Кербен мэриясы баш тартып койгонун кошумчалады.
«Ошондой экен анда эмнеге киргизебиз деп убада бердиңер. Кербен мэрин ортого кошпогула, эми шылтооңор ошол болуп жатабы? Факт менен гана сүйлөп, башта эле бул жолкусунда күтпөгүлө, кийинкиде болот деп койбойт белеңер. Ушундай жетекчилердин жоопкерчилигин караш керек. Эмнеге жалган маалымат бересиңерби? Силер айтканды мен айтып жатам, асмандан алган жокмун, же мен калп айтып жатамбы?» – деди Абдибаева.
Депутат Данияр Төлөнов аткаминерлер көп учурда калп убада берип, депутаттардын нааразычылыгын жаратып жатканын билдирди.
«Депутаттар бир маселени айтса, дароо макул болосуңар. Ошентип, калп убада бербей, ачык айткыла да. Силер калп убада берген үчүн ушундай түшүнбөөчүлүк болуп жатат», – деди.
Эске салсак, бүгүн социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында депутат Айсулуу Мамашева агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекованы сөз менен «орок оруп», бирок иш жүзүндө эч нерсе жасабаганын айтып, жалганчылыкка айыптаган.
