Бишкекте €16 млн суу менен камсыздоо долбоору аяктады
Бишкекте суу менен камсыздоо жана канализация системаларын модернизациялоо боюнча долбоордун экинчи этабы аяктап, анын алкагында жалпы суммасы 16 млн еврону түзгөн инфраструктуралык объектилер ишке ашырылды. Бул тууралуу «Биринчи» радиосунун түз эфиринде Бишкек мэриясынын «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Алибек Канымет уулу билдирди.
Анын айтымында, Орто-Алыш суу алуучу жайында 35 жаңы скважина казылып, пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, узундугу 3 чакырымдан ашкан магистралдык суу түтүгү жана болжол менен 11 чакырымдык жаңы канализациялык коллектор курулду.
Орто-Алыш суу алуучу жайы борбор калааны ичүүчү суу менен камсыз кылган негизги булактардын бири болуп саналат жана Бишкек шаарынын тургундарынын 40 пайыздан ашыгын суу менен камсыздайт.
Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Швейцария Конфедерациясынын колдоосу менен ишке ашырылды. Каржылоонун жалпы көлөмү 16 млн еврону түзүп, анын 8 млн евросу насыя, дагы 8 млн евросу грант катары берилген.
«Бишкексууканалдын» өкүлүнүн айтымында, жаңы объектилер суу менен камсыздоо системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, коммуналдык кызматтардын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
