Кыргызстанда Кытай технологиясы менен "акылдуу" күнөсканалар курулат
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиевдин катышуусунда «Бай Элим» компаниясы жана Кытай Эл Республикасынын Zhongnong Jinda (Hainan) International Trade Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун негизги максаты Кытай компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жогорку технологиялуу интеллектуалдык күнөсканаларды куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кытай тарап күнөскана чарбасына заманбап технологияларды киргизүү боюнча тажрыйбасын бөлүштү. Сунушталып жаткан күнөсканалар топурактын өзгөчө шарттарын талап кылбастыгы белгиленип, өстүрүү процесси толугу менен бирдиктүү технологиялык чынжырдын негизинде уюштурулуп, жогорку жана туруктуу түшүм алууга мүмкүндүк берет.
Жаныбек Керималиев өз сөзүндө бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында күнөскана чарбалары жетишсиз экендигин, ошол эле учурда бул багыт жогорку потенциалга ээ экендигин белгиледи.
Мындан тышкары, аталган долбоорду ишке ашыруу айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана ата мекендик фермерлерге колдоо көрсөтүүгө өбөлгө түзөрүн айтып өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кароого өз ара кызыкдар экендиктерин жана даяр экендиктерин билдиришти.
Аталган долбоор айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга, продукциянын сапатын жакшыртууга, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана айыл аймактарын өнүктүрүүгө, ошондой эле «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана Борбордук Азиянын экономикалык өсүшүнө жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошууга багытталган.
