Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы кеңири рейд өткөрүлдү
16 июль

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы кеңири рейд өткөрүлдү

Ысык-Көл ОИИБдин Туристтик-экологиялык милиция кызматы Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Ысык-Көл акваториясында мыйзамсыз балык уулоого каршы кезектеги рейдик иш-чара өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн экологиясына олуттуу зыян келтирген мыйзамсыз торлорду аныктап, жоюу боюнча иш жүргүзүлдү. Натыйжада Ысык-Көл районунун аймагынан узундугу болжол менен 600 метрди түзгөн эски, жараксыз абалдагы синтетикалык тор алынды.

Ысык-Көл РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Акылбек Бекишов мындай деди:
«Ысык-Көл – биздин өлкөнүн гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги табигый мурасы. Аны коргоо жана келечек муундар үчүн сактап калуу – биздин негизги максатыбыз. Мыйзамсыз балык уулоо экологияга чоң зыян алып келет, ошондуктан мындай рейддерди тынымсыз жүргүзүүдөбүз жана бул багыттагы иш-аракеттер мындан ары да улантылат», – деп белгиледи ал.

Ысык-Көл облусунун ички иштер органдары жарандарды экологиялык мыйзамдарды катуу сактоого чакырат. Мыйзамсыз балык уулоо же тор коюу фактылары боюнча жарандар дароо укук коргоо органдарына кайрылуусу зарыл.