Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан “Эдельвейс” пансионаты убактылуу токтотулду
16 июль

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан “Эдельвейс” пансионаты убактылуу токтотулду

2025-жылдын июль айында Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак айылында жайгашкан «Эдельвейс» пансионатында Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө экологиялык коопсуздук боюнча укук ченемдик актылардын талаптары бузулгандыгы аныкталды. Анын негизинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуу жөнүндө кодексинин төмөнкү беренелерине ылайык айыптар салынды:

115-берененин 3-бөлүгү боюнча – 23 000 сом,
211-берене боюнча – 17 000 сом,
236-1-берене боюнча – 28 000 сом.
Жалпы салынган айып пулдун суммасы 68 000 сомду түздү.

Мындан тышкары, Экологиялык мониторинг департаменти тарабынан суунун жана жер кыртышынын үлгүлөрү алынган. Алардын негизинде кошумча лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлөт.

Текшерүүнүн жыйынтыгында пансионаттын жетекчилигине экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча 8 пункттан турган Эскертме жазуу тапшырылып, аныкталган бузуулар жоюлмайынча ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу талабы коюлду.