ИИМ жана ОИИБ браконьерликке каршы операция жүргүздү: курал-жарактар, кайыктар жана балык торлору алынды
16 июль

ИИМ жана ОИИБ браконьерликке каршы операция жүргүздү: курал-жарактар, кайыктар жана балык торлору алынды

Ысык-Көл облусунда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин негизинде козголгон кылмыш иштеринин алкагында, кылмыш иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 13–14-июль күндөрү ИИМдин Башкы кылмыш иликтөө башкармалыгынын, Ысык-Көл ОИИБдин Туристтик-экологиялык милиция кызматынын, ошондой эле шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан ар бир район жана шаарлардын аймактарында браконьерликке шектелген бир катар жарандардын турак жайларында кечиктирилгис тинтүүлөр жүргүзүлүп, натыйжада төмөнкүдөй далилдер табылган:

Жети-Өгүз районунда:

• 2 даана алюминий кайык
• 5 даана радужный форель, 14 даана чебак балыгы
• Балык уулоого арналган ар кандай шаймандар

Ысык-Көл районунда:

• 57 даана синтетикалык тор (жалпы узундугу 5700 метр)
• 4 үйлөтмө кайык, 4 балык уулоочу кайырмак, 2 мотор
• 7 даана ок атуучу курал жана ондогон ок-дарылар, курал шаймандары
• 2 даана тоо текенин мүйүзү
• Жапайы кендир жыты бар зат, байланыш рациялары жана башка аскердик шаймандар

Балыкчы шаарында:

• 17 даана синтетикалык тор, 17 даана рак капканы
• 1 даана 16 калибрлик мылтык жана патрондору
• Куткаруучу жакеттер, калактар, чырактар, 300 даана сүзүүчү элементтер (поплавок)
• 1 даана жапалак тор (невод), суу өтүк жана башка шаймандар

Түп районунда:

• Макаров үлгүсүндөгү газо-пневматикалык пистолет
• 22 даана ар кандай калибрдеги курал-жарак жана гильзалар
• 20 даана темир шыпы, 2 желим кайык
• 13 даана кытай синтетикалык тор, жибек тор, балык уулоочу сачоктор жана калактар

Тоң районунда:

• 1 даана кайык
• 3 даана кайырмак
• 1 даана капкан

Бардык табылган буюмдар далил зат катары алынып, учурда тергөө амалдары уланууда.