Айрым мыйзам актыларына («Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамга) киргизилип жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапты
Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Укук бузуулар жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда жактырылды.
Демилгечи - депутаттар Замирбек Мамасадыков, Султанбай Айжигитов, Динара Ашимова жана Винера Раимбачаева.
Демилгечилердин бири, депутат Винера Раимбачаева белгилегендей, аталган мыйзам долбоору менен рекреация объекттерин пайдаланган менчик ээлерин жана ижарачыларды, чарбалык жана башка иштин субъекттерин, менчиктин түрүнө карабастан атайын техниканы колдонуу менен пляж аймактарын терең тазалоого милдеттендирүү сунушталууда. Аталган талаптар сакталбаган учурда эскертүү берилип, бир жыл ичинде дагы кайталанса жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч түрүндө айып пул салуу каралган.
