2030-жылга 31 миң га жердин сугат суу менен камсыздоосу жогорулайт
28 октябрь

2030-жылга 31 миң га жердин сугат суу менен камсыздоосу жогорулайт

Кыргызстан аймактагы агро-инновациялардын борборуна айланууда. Жакынкы келечекте айыл чарба тармагын жаңы деңгээлге көтөрүү максатында, бир нече иш-чаралар аткарылат. Алар:

– 38 миң тонна үрөн даярдап, ага болгон муктаждыктын 30 пайызын жабуу;

– жыл сайын 20 млн. көчөт даярдоо;

– ар жылы 200 миң малды уруктандыруу, ар бир уйдан 5 миң литрден сүт саап алуу;

– 135 миң гектар кунарсыз жайыттарга үрөн себүү жана ар бир райондо тоют базаларын уюштуруу;

– өндүрүлгөн чийки продукциянын 50 пайызын кайра иштетүү максатында 137 ири ишкана, 103 соода-логистикалык борборлорду
жана 8 кампаны ишке киргизүү;

– 2030-жылга чейин 150 миң гектарга тамчылатып сугаруу системасын орнотуу жана жаңы 8 миң гектар сугат жерлерин ишке киргизүү, 31 миң га жердин сугат суу менен камсыздоосун жогорулатуу иш чаралары кирет.