Ысык-Көл РИИБ тарабынан мыйзамдуулукту камсыздоо жана жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу иштери уланууда
23 июнь

Ысык-Көл РИИБ тарабынан мыйзамдуулукту камсыздоо жана жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу иштери уланууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 жана 2023-жылдын 10-июлундагы №172 Жарлыктарынын талаптарын аткаруу максатында, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз балык уулоого каршы багытталган түшүндүрүү иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, Семёновка айылынын тургуну Е.А. өз ыктыяры менен мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган шаймандарын – тактап айтканда, 1 даана үйлөтмө кайык, 1 даана мотор (жүргүзгүч) жана 14 даана балык уулай турган торлорду – Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлерине ыктыярдуу түрдө өткөрүп берди.

Ысык-Көл РИИБ жарандарды жаратылыш ресурстарын сактоого, экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана мыйзам талаптарын так сактоого чакырат. Мындай аракеттердин негизги максаты – Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактап калуу жана мыйзамсыз балык уулоо менен күрөшүү болуп саналат.

Ички иштер органдары жарандар тарабынан көрсөтүлгөн мыйзамга баш ийүүчүлүктү жана коомдук жоопкерчиликти жогору баалап, бул багыттагы иштерди мындан ары да уланта берет.