Россиялык журналист Ысык-Көлдү Швейцария жана Канада менен салыштырды
23 июнь

Россиялык журналист Ысык-Көлдү Швейцария жана Канада менен салыштырды

Россиялык журналист жана теле алып баруучу, "Тирүү тамак" шоусунун автору Сергей Малоземов Кыргызстанга келип, Ысык-Көлгө суктанды.

Ак карлуу чокулар менен курчалган бирюза суулары Швейцариянын, Канаданын же Россиянын Ыраакы Чыгышынын пейзаждарын элестетет, бирок бул уникалдуу көл Тянь-Шандын чок ортосунда – Кыргызстанда жайгашкан.

"Бул сууну карачы", - деп суктанган Малоземов, өзүн Альп тоолорунда же Канадада жүргөндөй сезгендигин жашырган эмес. 

Көл эч качан тоңбойт. Мына ушунусу менен ал келген конокторду тан калтырат.

"Бул кантип болушу мүмкүн? Анткени үшүк аябай катуу болот эмеспи?!", - деп таң калган журналист.