Аламүдүн районунда экологиялык мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду
25 декабрь

Аламүдүн районунда экологиялык мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду

Чүй областынын Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы кум-шагыл аралашмасын өндүрүүчү чарба субъекттеринин ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн текшерүүдө, “С”, “АКП”, “ЖКД” жана “АП” ЖЧКдор тарабынан кум-шагыл аралашмасы жуулган кир суулар, эч кандай, филтирлөө, тазалоо процедурасы жүргүзүлбөстөн, жерге жайылып, жаратылыш булганып, айлана чөйрөгө зыяны тийип жаткандыгы аныкталган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын маалыматына ылайык, кир сууну агызуу учурунда айлана чөйрөгө келтирилген зыяндардын эсеби такталып, жалпы 7,1 млн сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 298-беренеси (иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.