Браконьерликке каршы аракеттер уланууда: Ысык-Көлдүн акваториясынан 1 150 метр синтетикалык тор алынды
2025-жылдын 15-июлунда, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан браконьерликке каршы багытталган иш-чаралардын жана көл акваториясын мыйзамсыз салынган синтетикалык торлордон тазалоого арналган күнүмдүк иш-аракеттердин жүрүшүндө Ысык-Көл районуна караштуу бир катар аймактардан жалпы узундугу 1 150 метрди түзгөн браконьердик торлор алынды.
Атайын рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында Тору-Айгыр айылынын аймагынан көл үстүнөн 300 метр, Өрүктү айылынан 400 метр жана Кожояр айылынан 450 метр синтетикалык тор табылып, чыгарылды.
Аталган аракеттер экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана балык ресурстарын коргоо максатында өткөрүлүп, браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү аракеттеринин алкагында жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы рейддер үзгүлтүксүз улантылат.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясы айрымдарга жана конокторго айлана-чөйрөгө жооптуу мамиле кылууга, табигатты коргоо мыйзамдарын сактоого жана браконьерлик фактылары аныкталганда милицияга же кыска номер 102 аркылуу дароо кабарлоого чакырат.м
