Ысык-Көл жээгиндеги браконьерликке бөгөт: 950 метр тор табылды
8 август

Ысык-Көл жээгиндеги браконьерликке бөгөт: 950 метр тор табылды

7-август күнү Балыкчы ШИИБдин кызматкерлери Туристтик-экологиялык милиция кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Ысык-Көлдүн жээгинде мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд жүргүзүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө көл үстүн текшерүүнүн натыйжасында браконьерлер тарабынан салынган жалпы узундугу 950 метрди түзгөн эски синтетикалык торлор табылып, тазаланган.

Мындай профилактикалык жана көзөмөл иштер ар дайым тынымсыз өткөрүлүп келет.