Дипкорпус Бишкектеги парктардын биринде көчөттөрдү отургузду
22 март

Дипкорпус Бишкектеги парктардын биринде көчөттөрдү отургузду

Бишкектеги «Адинай» паркында «Жашыл мурас» акциясынын, ошондой эле Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча Президент тарабынан жарыяланган эки айлык ишембиликтин алкагында дарак отургузуу акциясы өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн башчылары, ошондой эле КР ТИМдин жетекчилиги катышты.

Акциянын жүрүшүндө шаардагы абанын сапатын жакшыртуу жана шаардын эстетикалык келбетин көрктөндүрүү максатында 50 даана жаш шун дарагынын көчөтү отургузулду.  

«Борбор калаабызды жашылдандыруу боюнча биргелешкен аракеттер келечек муундар үчүн туруктуу жана жашоо шартка ыңгайлуу шаар түзүүгө өбөлгө болоруна ишенебиз», – деп белгиледи Министр Жээнбек Кулубаев иш-чаранын катышуучуларына кайрылып жатып.

Иш-чаранын катышуучулары ушул сыяктуу демилгелердин маанилүүлүгүн баса белгилеп, келечекте да аларды колдоого даяр экендиктерин билдиришти.