Ошто дарактарды мыйзамсыз кыйгандар аныкталды – зыян дээрлик 11 миң сомду түзгөн
Ош шаарында мыйзамсыз дарак кыйган факты аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, текшерүү жүрүшүндө Ош шаарынын Ленин 341 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн короосундагы дарактар мыйзамсыз кыйылгандыгы аныкталды.
Инспекторлор тарабынан интернетке чыккан видеого негизделген териштирүүдө, короодогу 3 түп айлант жана 1 түп өрүк дарактарынын түбүнөн кыйылгандыгы белгилүү болду.
Кыйылган дарактардын диаметрлери төмөнкүчө:
- Айлант дарактары: 30 см, 31 см, 20 см
- Өрүк дарагы: 34 см
Бул кыйылган дарактар экосистемага олуттуу зыян келтирип, өсүмдүктөр дүйнөсүнө 10 миң 935,54 сомдук зыян келирилген.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы аталган мыйзамсыз аракеттерди катуу көзөмөлгө алып, тиешелүү мыйзам чегинде чара көрүүдө.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бардык тургундарды жана мекемелерди экологиялык нормаларды сактоого чакырат.
