Аламүдүн, Ала-Арча дарыяларындагы кооптуу тилкелерге көзөмөл жүргүзүлүүдө
15 февраль

Аламүдүн, Ала-Арча дарыяларындагы кооптуу тилкелерге көзөмөл жүргүзүлүүдө

Аламүдүн, Ала-Арча дарыяларындагы сел жүрүү, суу каптоо коркунучунун, коопсуздукту сактоо жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алууну көзөмөлдөө иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 14-февралда Чүй облусунан атайын түзүлгөн жумушчу топ дарыялардын сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерин изилдеп чыгышты.

Жаанчыл күндөрү күтүлө турган табигый кубулуштардын натыйжасында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, сел-суу ташкындарын коопсуз өткөрүү чаралары көрүлүүдө.

Көзөмөлдөө иштеринин негизги максаты – дарыя жээгиндеги айылдардын, шаар тургундарынын коопсуздугун сактоо,материалдык чыгымдарды келтирбөө.