Жалал-Абадда абанын булганышын азайтуу маселеси талкууланды
Бүгүн Жалал-Абад шаарында “Ош жана Жалал-Абад шаарларында абанын булганышын азайтуу боюнча учурдагы чаралар: булактар, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору” аталышындагы жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Иш-чара министрлер кабинетинин 2025-жылдын 28-мартында кабыл алынган тескемесинин негизинде уюштурулуп, жарандардын саламаттыгын сактоо жана Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында атмосфералык абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү максатында уюштурулган.
Жыйынга жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, облус башчысынын тескемесине ылайык түзүлгөн облустук жумушчу топ, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү жумушчу топтору оффлайн, калган район, шаарлар видеоконференция режиминде катышты.
Мындагылар атмосфералык абанын булгануу себептери, булгоочу негизги булактар, учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору тууралуу пикирлерин ортого салышты.
