Жалал-Абадда 100 гектар аянтка 40 миң көчөт отургузулууда 
22 март

Жалал-Абадда 100 гектар аянтка 40 миң көчөт отургузулууда 

Жалал-Абад облусунун Барпы айылында көчөт отургузуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы кызматкерлери катышты.

Бул иш-чара “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлүп, өлкө аймагында экологияны коргоо жана жашыл аймактарды көбөйтүү максатын көздөйт.

Жалпысынан 100 гектар аянтка 40 миң көчөт, анын ичинде ийне жана жазы жалбырактуу дарактардын жети түрү отургузулат.