Талас облусунда балык чарбаларында мыйзам бузуу аныкталды
20 ноябрь

Талас облусунда балык чарбаларында мыйзам бузуу аныкталды

Талас облусунда Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын аймактык башкармалыгы Бакай-Ата жана Талас райондорунун прокуратура кызматкерлери менен биргеликте балык чарбаларына ишине мониторинг жүргүздү. Текшерүүдө балык негизинен дренаждык сууларда өстүрүлөрү аныкталды. Дренаждык суулар кышында тоңбогону менен, мыйзам боюнча мындай системаларда чарба жайгаштырууга тыюу салынат.

КР Суу кодексине ылайык, суу ресурстары жана дренаждык, ирригациялык тармактар жайгашкан жерлер – мамлекеттин өзгөчө менчиги.

Дренаждык системаларды пайдаланууга айыл өкмөттөрүнүн укугу жок болгондуктан, алар менен түзүлгөн келишимдер мыйзамсыз деп табылды. Мониторинг учурунда жайыт жерлеринде трансформациясыз берилген айрым участоктордо топурактын түшүмдүү катмарын казуу фактылары аныкталып, эскертүү берилди.

Эскерте кетсек, буга чейин Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Талас облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан эсептелген 122 673,6 сом өлчөмүндөгү доо Бакай-Ата райондук прокуратурасына өткөрүлүп, алты балык чарба субъектисине карата тиешелүү чараларды көрүү боюнча иштер жүрүүдө.