Экологиялык талаптарды бузган курулуш компаниясы 82 миң сомго айыпка жыгылды
Жаратылыш ресурстары министрлиги
21 июль

Экологиялык талаптарды бузган курулуш компаниясы 82 миң сомго айыпка жыгылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы жарандардын кайрылуусунун негизинде курулуш объектилеринин биринде текшерүү жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш компаниясы тарабынан экологиялык коопсуздук жана жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдардын талаптары бузулгандыгы аныкталып, 82 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча иштер башталып, аймакты тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле курулуш компаниясынын жетекчилигине мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө толук четтетүү боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.