Бишкекке “Жашыл шаар” долбоорунун алкагында жаңы автобустар келе жатат
8 ноябрь

Бишкекке “Жашыл шаар” долбоорунун алкагында жаңы автобустар келе жатат

Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) «Жашыл шаар» долбоорунун алкагында Бишкек шаары үчүн 95 даана заманбап, экологиялык жактан таза автобустар сатып алынды.

Бардык 95 автобус заводдон чыгып, Бишкекке келе жатат.

Жаңы автобустардын келиши шаардын коомдук транспорт системасын модернизациялоодо маанилүү кадам болуп саналат. Бул автобустар шаар тургундарын коопсуз, ыңгайлуу жана экологиялык жактан таза транспорт менен камсыздап, ошондой эле энергияны үнөмдөө жана тейлөө сапатын жакшыртуу багытында чоң салым кошот.

Долбоордун ишке ашырылышы шаардын транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга, жана туруктуу, заманбап коомдук транспорт системасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы «Жашыл шаар» программасынын алкагында автопарктын жаңылоо иштерин жана экологиялык жактан таза коомдук транспортту өнүктүрүү багытындагы иштерди улантууда.