Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган балык торлору алынды
27 июль

Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынган балык торлору алынды

Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын Туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан көлдүн акваториясын мыйзамсыз орнотулган кытай синтетикалык балык торлорунан тазалоо иш-чаралары улантылууда.

Аталган иштин алкагында Түп районунун Күрмөнтү айылынын аймагынан узундугу жалпы 1200 метрди түзгөн 12 даана мыйзамсыз тор алынган. Ошондой эле, Балыкчы шаары менен Ак-Өлөн айылынын ортосунан дагы бир даана, узундугу 30 метр болгон балык тору табылып, көлдөн чыгарылды.

Бул иш-чаралар жаратылыш ресурстарын коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана мыйзамсыз балык уулоого каршы туруу максатында жүргүзүлүүдө.