Кокту-Бөйрөк жайлоосундагы тоо текелердин атылышы боюнча кылмыш иши козголду
2025-жылдын 10-сентябрында АКИpress социалдык тармагына Кокту-Бөйрөк жайлоосуна коюлган фотобайкоого мыйзамсыз атылган кийиктер менен браконьерлер түшүп калгандыгы боюнча маалымат жарыяланган.
Анда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгы тарабынан Чүй облусунун Москва районуна караштуу Кокту-Бөйрөк жайлоосунда мыйзамсыз атылган кийиктердин эттери жашырылган деп болжолдонгон жерге атайын фотобайкоо орнотулгандыгы жана 8-сентябрда мыйзамсыз атылган кийиктерди этин алып кетип баратканы фотобайкоо аркылуу аныкталгандыгы айтылган.
Бул факт Чүй ОИИББга катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы факт боюнча 1978-жылы туулган К.У., 1978-жылы туулган К.М. жана 1991-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар аныкталып тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн милицияга жеткирилген. Ошондой эле алардан 16-калибрдеги эки даана ИЖ-18 үлгүсүндөгү ок атуучу куралд алынган.
Кылмыш ишинин алкагында бардык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Иликтөөнүн жыйынтыгында жогорудагы адамдардын аракетине укуктук баа берилип, кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.
Чүй облусунун ИИББ эске салат: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесине (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) үчүн жарандарга 20 миңден 50 миң сомго чейинки айып пул салынат жана ошондой эле белгилүү бир кызматтарды ээлөөгө эки жылга чейин тыюу салынат.
Ошондой эле Министрлер Кабинетинин «Жаратылыштагы жаныбарларга, өсүмдүктөргө жана тоо текелерге келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча айып пулду бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, мыйзамсыз атылган ар бир тоо теке үчүн 300 миң сом өлчөмүндө доо коюлат.
