Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун жээгине көчөттөр отургузулду
Бүгүн, 15-февралда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун боюнда айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү ишембилиги өттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилигинде куткаруучулар, токойчулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү "Жашыл мурас" улуттук өнөктөштүгүнүн алкагында ийне жалбырактуу дарактары отургузушту.
Бул ишембиликте 2000 түп тянь-шань карагайын отургузуу пландалган.
Ишембиликке Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токой кызматы, Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кемин райондук мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан уюштурулууда.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 29-январында аталган иш-чаранын алкагында мурда 500 түп ийне жалбырактуу, тянь-шань карагайы отургузулуп, экологиялык абалды жакшыртууга багытталган.
Өнөктөштүктүн негизги максаты — аймактагы экологиялык абалды жакшыртуу, ошондой эле жол аймактарындагы жашылдандыруу иштерин күчөтүү.
Бул жылы Кемин районунан Балыкчы шаарына чейинки унаа жолунун 50 чакырымдык бөлүгүндө бак отургузуу каралган.
