Жалал-Абад облусунда экологиялык талаптарды бузган жарандарга жана айыл өкмөтүнө айып пул салынды
19 август

Жалал-Абад облусунда экологиялык талаптарды бузган жарандарга жана айыл өкмөтүнө айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Багыш айыл өкмөтүнө пландуу текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар экологиялык мыйзам бузуулар аныкталды:

• Сары-Булак айылы – Жыгач-Коргон айылы аркылуу өтүүчү Көк-Арт дарыясынын жээгине турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк калдыктар төгүлгөнү үчүн Багыш айыл өкмөтүнө КРнын Укук бузуу жөнүндө кодексинин 115-2-п беренесинин негизинде 23 000 сом айып пул салынды.

• Октябрь айылы – Жалпы дарыгерлик практикалык борбордун айланасындагы ар түрдүү пластикалык калдыктарды жаран Д.С. өрттөп жаткандыгы аныкталып, КРнын Укук бузуу жөнүндө кодексинин 230-беренесинин негизинде 10 000 сом айып пул салынды.

• Орто-Сай айылы – С.Жээнбеков атындагы орто мектебинин аймагынан чыккан турмуш-тиричилик калдыктарды жана жалбырактарды жаран Г.М. өрттөгөндүгү үчүн КРнын Укук бузуу жөнүндө кодексинин 115-3-п беренесинин негизинде 7 500 сом айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана мекеме-уюмдарды экологиялык мыйзамдарды так аткарууга чакырат. Таштандыларды белгиленген жерлерге таштоо жана өрттөөдөн алыс болуу айлана-чөйрөнү таза сактоого өбөлгө түзөт.

Экологиялык мыйзамдарды бузган учурлар катуу көзөмөлдөнүп, тиешелүү чаралар көрүлө бермекчи.