КР ӨКМ менен ЕӨРБ уран калдыктарын рекультивациялоо маселесин талкуулашты 
16 октябрь

КР ӨКМ менен ЕӨРБ уран калдыктарын рекультивациялоо маселесин талкуулашты 

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Ядролук коопсуздук департаментинин директору Эстер Харландер жолугушту.

Ведомстводон кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 14-октябрда өткөн. 

Анын жүрүшүндө тараптар «Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыктарын рекультивациялоо» долбоорунун аткарылышын, калкты жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында орчундуу маселелерди талкуулашты.

Эстер Харландер айым Майлуу-Суудагы уран калдыктарын коопсуз жайга көчүрүү иштери менен жеринен таанышып, андагы процесстерге, атайы лабораториялардын сапаттуу иштөө тажрыйбаларына, жаңы ачылыштарга күбө болгонун айтты жана иш сапардын жыйынтыгы жемиштүү, таасирдүү болгонун белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар радиациялык коркунучтарды системалуу түрдө азайтуу, тургундарга ыңгайлуу чөйрөнү түзүү, туруктуу келечекти камсыздоо үчүн долбоорду толук көлөмдө белгиленген талаптарга ылайык тоскоолдуксуз аткарууга кызыктарлыгын кошумчалашты.