Ысык-Көл акваториясында 1100 метр синтетикалык тор алынды
5 январь

Ысык-Көл акваториясында 1100 метр синтетикалык тор алынды

2026-жылдын 4-январында Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жана Экомилициянын кызматкерлери менен биргеликте Ысык-Көлдүн акваториясында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу максатында 1100метр мыйзамсыз коюлган синтетикалык тор алынды.

Мындан тышкары, экологиялык коопсуздукту сактоо жана жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга бөгөт коюу максатында рейддик текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.