Жалал-Абад облусунда браконьерликке каршы күрөшүү күчөтүлүүдө
11 сентябрь

Жалал-Абад облусунда браконьерликке каршы күрөшүү күчөтүлүүдө

Жалал-Абад облусунда браконьерликке каршы күрөшүү күчөтүлүүдө, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы. 

Билдирүүгө ылайык, бул багыттагы аракеттер президенттин жаратылышты сактоо боюнча чакырыктарына ылайык жүргүзүлүп жатат.

Облус башчысы Тилек Текебаев тиешелүү кызматтарга, ошондой эле район жана шаар башчыларына, айрыкча суу сактагычтар жана көл жээгинде текшерүү иштерин күчөтүү боюнча милдеттендирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл браконьерликке каршы күрөшүүдө жарандардын активдүү катышуусу маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле, табиятты сактоо ар бир жарандын милдети экенин кошумчалады.