Бишкекке 10 миңден ашык бак-дарак отургузулат
16 октябрь

Бишкекке 10 миңден ашык бак-дарак отургузулат

Бишкекте масштабдуу жашылдандыруу кампаниясына даярдык иштери башталды.

Экологиялык кеңештин жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык, Бишкекке 10 миңден ашуун бак-дарактарды отургузуу пландалууда.

Негизги көңүл билим берүү мекемелеринин аянтчаларына жана ага чектеш аймактарга бурулат.

«Бишкекзеленстрой» муниципалдык ишканасы тарабынан жер кыртышын даярдоо, райондордо көчөттөрдү казуу, көчөт отургузуучу жерлерди белгилөө иштери башталды.

Көчөттөрдү отургузуу иштери жакынкы күндөрү башталып, экологиялык абалды жакшыртуу жана борбор калааны көрктөндүрүү боюнча комплекстүү программанын алкагында ишке ашат.